Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: “Урматтуу мусулман мекендештер!
Касиеттүү Рамазан айы аягына чыкты. Аны белгилей турган Орозо айт майрамыбыз да келди. Жайдын ушул ысык күндөрүндө сиздер Алла Тааладан пайгамбарыбызга түшүрүлгөн Курандын өзгөчө бир парзын чыдамкайлык менен аткардыңыздар.
Ошону менен сиздер Алланын жана өз абийириңиздердин алдында дене-боюңуздарды, жан дилиңиздерди арууладыңыздар.
Өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан баарыңыздарды Орозо айт майрамы менен куттуктайм!
Улуу айт майрамыңыздар кут болсун! Жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуздар. Орозо айында жасалган кайрымдуулук иштерибиз, ак тилектерибиз ылайым кабыл болсун. Алла Таала касиеттүү жерибизге ырыскы, элибизге бакыт берсин!”