Бишкектеги Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Ал болжол менен 25-30 жаштарда. Бишкек шаардык ички иштер башкы бөлүмү маркумдун ким экенин аныктоого жардам сурайт.
Маалыматка ылайык, 9-август күнү саат 16:30 чамасында Чоң Чүй каналы менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен кебетеси азиялык болгон аял кишинин жансыз денеси табылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Маркумдун бою 160-165 сантиметр, чачы узун, күрөң. Үстүндөгү кийимдери - күлгүн түстөгү көйнөк (гүлдөрдүн сүрөтү бар), бутунда кара түстөгү жайкы бут кийим (өлчөмү 39).
Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо же окуянын күбөсү болсо 102 кызматына же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлер: 0(312)566-043, 0(312) 561-752, 0(555) 102-602, 0(554) 102-148, 0(555) 757-955, 0(552) 102-261.