"Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын дагы", - деди президент Сооронбай Жээнбеков Нарын шаарындагы "Сүт-азык" ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын ачылышында. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы мындай ишканалар облустардын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир тийгизерин айтты. Ал жаңы жумушчу орундары жана жергиликтүү дыйкандардын продукциясын өткөрүү пункттары түзүлөрүн канааттануу менен белгиледи.
"Өзүңөр билгендей, Кепилдик фондунун ресурстарынын көп бөлүгү аймактык долбоорлорго багытталууда. "Айыл Банк" жана "РСК Банк" дагы облустарды жана айыл чарбасын каржылоонун үлүшүн жогорулатышты. Бүгүнкү күндө 60 пайыздан ашуун каражаттар бул максаттарга жумшалууда. Бул биринчи кезекте жумушчу орундардын жоктугунан болуп жаткан миграцияны кыскартууга, калктын кетишин азайтууга багытталган. Ал үчүн жергиликтүү тургундар өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүгү болгондой айыл өндүрүүчүлөрүн колдоо керек", - деди президент.
Президентке маалымдашкандай, завод Нарын облусундагы сүт сатуучу эң ири ишкана болот, чийки зат жергиликтүү фермерлерден 18 сомдон 25 сомго чейин сатып алынат.