Москва-Бишкек багытындагы темир жолдун билеттери арзандайт

Орусия Федерациясына багытталган темир жолдун билеттери арзандайт. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирип, билетти арзандатуунун максаттары тууралуу айтып берди.

Кыргыз темир жолу" менен Орусиянын "РЖД" ачык акционердик коому биргеликте Бишкек-Москва багытындагы билеттерди арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын стратегиясына ылайык, жүргүнчүлөргө билеттерди арзандатуу менен катнашты мындан дагы жакшыртуу максаты коюлуп жатат. Бул кадам эл аралык мамилени бекемдөөгө жол ачат”, - деди ал.

Билеттин наркы 18,1 пайыздан 19,9 пайызга чейин вагондун категориясына жараша болот. Билеттерге бааны төмөндөтүүнү сынап көрүү 2020-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин деп сүйлөшүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sagyn.91
2019-08-22 12:58:39
Андан көрө авиабилеттерди арзандатпайсыңарбы?
Темир жол мн кетсен КР га баргы чейин ошол эле авиабилеттин акчасынан ашып түшөт!
0
elchi84
2019-08-22 13:22:13
Авиа билетти арзандаткыла 4саатта Москвага жетесин.
0
dina
2019-08-22 13:59:53
Темир жолдун билеттери 11-13 мин сом экен. 1-2 ай эрте алып бул акча менен самолетто кеткен жакшы да. 5-6мин кылсанар коп тушмок.
0
Mamiev
2019-08-22 15:40:53
1 январдан апрелге чейин самалетко билеттер аксия жүрүп төрт беш миң көп болсо жети миңден болуп калат. Жылда эле ошондой. Анан силер сынап эл тушпосо аа болбойт экен дебей бир калыпта ар убакта бирдей баада болсо эл көп тушмок. Жок дегенде 5 6 миң кылсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан