Нарын. Шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялардын биринин өкүлү "арак таратып, үгүт иштерин жүргүзгөн" деп айыпталууда

Нарын шаарынын №4080-шайлоо участкасында “Мекен ынтымагы” партиясынын өкүлү шайлоочуларды үгүттөп, спирт ичимдигин берип жаткан жеринен кармалды. Кармалган жаран N 6006 В номерлүү автоунаасынан арак таратып, “тизмедеги №1-партияга добуш бергиле” деген үгүт иштерин жүргүзгөн. Бул факт боюнча акт түзүлдү. Учурда “Мекен ынтымагы” партиясынын өкүлдөрү муну четке кагышууда жана кармалган шектүүнүн үстүнөн иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан