Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Азыркы учурда Кыргыз мамлекетине сот реформасы аба менен суудай керек". КҮНСОБОЛ

Мындан эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал өкүм кийин шаардык сотто да, Жогорку Сотто да күчүндө калтырылган эле. Кечээ, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Анда Жогорку Сот Текебаевге карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөттү.

SUPER.KG порталы "Текебаевдин иши боюнча Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Эки жыл ичинде сот системинде эмне өзгөрүү болду?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов белгилегендей, бардык жакшылыктардын булагы сот реформасы. "Азыркы учурда Кыргыз мамлекетине сот реформасы аба менен суудай керек. Анткени сот реформасы болсо соттор эл ишенимин актап, мыйзамга, адилеттүлүккө баш ийип жана мыйзамды туу тутуп иштеп калганда мамлекетте мыйзамдын жогорку күчү орноп, бийликтин кадыры өсөт. Эл бийликке ишеним арта баштайт. Мыйзамдын жогорку күчү орногон коомдо темирдей тартип, адилеттүүлүк жана экономика өсүп элдин бакубат жашоосу камсыз болот. Мыйзамдын жогорку күчүнүн орношунун башатында биринчи кезекте сот реформасы турат. Сот реформасыз эч качан мыйзамдын жогорку күчү орнобойт. Ошондуктан суунун башы булак дегендей, бардык жакшылыктардын булагы сот реформасы", - дейт Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан