Ички иштер министрлиги интернет желесиндеги баракчасына “Чечим өзүңдө!” деп аталган социалдык ролик жарыялады. Ролик баңгизатын колдонгон жарандарга эскертүү катары тартылган.
Аталган роликке каарман болуп ар кыл тармактагы белгилүү адамдар катышып, баңгизатын колдонбоого чакырык ташташкан. Роликте ырчы Мирбек Атабеков, мушкер Орзубек Назаров, шоумен Актан Рыскелдиев жана башкалар баңгизатын колдонгондо кандай болорун сүрөттөп беришкен.
Роликте "Кээ бирлерди түшүнбөйм, эмнеге бир мүнөттүк ырахатты тандашат? Жашоодо көп жакшы нерселер бар” деген чакырыктар айтылган.