"Академия-Лидер" футболдук командасынын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
"Академия-Лидер" командасы 21-августта Кыргыз Премьер-Лигасынын алкагында Ошто "Алай" менен ойношкон. Футболдук команда оюндан кийин жолго чыгышкан.
Бул окуя боюнча кошумча маалымат берилет.