Каза болгон "Академия-Лидер" футбол клубунун оюнчусу Ильич Иманбековдун өмүр баяны

Бүгүн, 22-августта "Академия-Лидер" клубунун футболчулары бар унаа Ош-Бишкек жолунда кырсыкка кабылып, команданын 22 жаштагы оюнчусу Ильич Иманбеков каза болуп калды.

Ильич Иманбеков 1997-жылы 13-майда Талас облусунда туулган. Жаш кезинен тарта футболго кызыгып, 20 жашында "Алай-2" командасында жарым жыл ойногон.

Кийинчерээк "Лидер" футболдук долбооруна катышып, командага мүчө болгон. "Академия-Лидер" футбол клубунун негизги оюнчуларынын бирине айланган. 2019-жылы Иманбеков клубдар арасындагы өлкө чемпиондугу - Кыргыз Премьер-Лигасында ойноп баштаган.

Ал футболдук талаада чабуулчу амплуасын аркалаган. Быйылкы сезондо Кыргыз Премьер-Лигасында 1228 мүнөт ойногон.

Ош-Бишкек жолунда футболчулар бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, бири каза болуп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2019-08-22 15:36:11
Жайы жаннаттан болсун!
+7
Alixan-Nookat.2015
2019-08-22 23:40:51
Жайы жаннаттан болсун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып сабырдуулук тилейм!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан