"Беко" компаниясынын расмий өкүлчүлүгү: "Өрттөн бир далай жоготууларга учурадык, бирок ишибизди уланта беребиз"

21-августта Бишкектеги "Фрунзе" заводундагы кампадан өрт чыккан. Ал кампада үй-тиричилик буюмдары өрттөнүп, өрт толугу менен 22-августта саат 12:05те өчүрүлгөн.

Маалым болгондой, кампадагы үй-тиричилик буюмдары "Беко" компаниясынын Кыргыз өлкөсүндөгү расмий өкүлү «Эфор Бишкек ЛТД» ЖЧКныкы болгон.

"21-августта чыккан өрт биздин кампада болгон бардык нерселерди өрттөп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгышы иликтенип жатат. Тилсиз жоодон бир далай жоготууларга учурасак дагы, болгон күчүбүздү жумшап, ишибизди уланта беребиз", - деп билдирет аталган компаниядан.

Кампадагы тиричилик техникалар, жалаяктар, карапа такталар күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан