Изги тилек ишке ашпай: Туристтик жай болот деп курулган "Манас айылы" этнокомплексинин бүгүнкү күндөгү абалы

SUPER.KG порталы бир кездерде туристтик аймакка айланат деген үмүт менен курулган "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин азыркы абалы менен таанышып келди.

“Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси 1998-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан Бишкек эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген.

Бактыгүл Кендирбаева “Манас айылы” этнокомплексинде кассир болуп эмгектенгенине 10 жылга чукулдап калган. Ал комплекстин кечээки жана бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу кеп салды.

"Киши аябай көп келчү мурда, азыр оңдоп-түзөө иштери жок эч ким деле келбей калды. Мамлекет өз карамагына алып оңдосо жакшы болот эле. Жеке менчик болгондо эчак эле гүлдөп кетмек, ушундай жакшы жерге чоңдорубуз бир көңүл бөлүп койсо экен. Көпчүлүк келгендер эмне үчүн ушундай жакшы жерди карабай коюшкан деп нааразы болуп кетишет", - деди ал.

16-августта «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексине Президент Сооронбай Жээнбеков Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен бирге комплекстин абалы менен таанышып, этно-маданий комплексти Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүп реконструкциялоо демилгеси көтөрүлгөн. Бул көтөрүлгөн демилгелер качан ишке ашырылат? Көз салып күтө туралы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
katerina.li
2019-08-23 10:37:14
Акчаны асманга жон эле сапырмай. Манас биздин тарыхыбыз. Бирок ушинтип каралбай калгандан коро салбай эле коюшса болмок да. Таластагы Манас Ордо деле жетет эле да. Миллиондогон акчаларды коротуп жегендир чондор
-3
Ulan2601
2019-08-23 23:46:55
Дуйшон агайдын кайран гана эмгеги!!! Бул проект Кыргызстандын бут тарыхын камтыган ар бир оймо чиймелердин мааниси бар!!
+2
TIMON_BERKOWITZ
2019-08-25 14:47:08
Баарынан жалко Көлдөгү Кыргыз айылы..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан