"Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт" деди бүгүн, 22-августта президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын белгиледи.
"Бийликке өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Президент мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.
"Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиши керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек. Коррупцияга каршы күрөш уланат", - деди президент.