Бүгүн, 22-августта Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, анын жыйынтыгында эл өкүлүн үй камагына алуу чечими чыкты.
Ирина Карамушкинанын жактоочусу Анвар Курмушиевдин айтымында, депутат ушул жылдын 8-октябрына чейин үй камагына алынды.
"Карамушкина кечки саат 22:00дөн эртең мененки саат 6:00гө чейин үйдөн чыкпоого жана Чүй облусунун аймактарынан тышкары чыгууга тыюу салынды. Эгер кандайдыр бир маселелер жаралса, тергөөчүлөр менен макулдашуу керек экен. Баш коргоо чарасын кароо процессинде чет өлкөгө чыкпоо тууралуу тил катка кол койдуруп алышты", - деди ал.
Буга чейин Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "барымтага алуу" беренеси боюнча кылмыш ишинде күбө эмес, айыпталуучу катары өтүп жатканын билдирген.