Ушул жылдын 9-августунда Бишкектеги бейбаштык учурунда "Коопсуз шаардын" 13 камерасы талкаланган. Бишкек ШИИББи камераны талкалоого шектелип жаткандарга издөө салат. Мындан тышкары, ошол күнү бейбаштык кылган деген шек менен изделип жаткандар дагы бар.
"Свердлов РИИБине "Вега" компаниясынын өкүлү Н.А. арыз менен кайрылган. Арыздануучу 9-августта түнкү саат 01:30 чамасында Курманжан датка жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишиндеги "Коопсуз шаардын" 2 камерасын талкалап кеткен жарандарга карата чара колдонууну өтүнгөн. Мындан тышкары, Ж.Абдырахманов кең көчөсү менен Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги видеобайкоо жүргүзгөн 4 системдин талкаланганын айткан.
Райондук ички иштер бөлүмүнө жарандар тарабынан дагы маалымат келип түшкөн. Анда 9-августта түнкү саат 00:30да белгисиз адамдар Чүй кең көчөсү менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 7 камера системин талкалап, белгисиз тарапка качып кеткени маалымдалган.
9-августта жеке менчик мүлктөргө дагы зыян келтирилген. Свердлов РИИБине "Финанскредитбанк" ачык акционердик коомунун Т.С. аттуу өкүлү кайрылган. Анда Ж.Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан банктын кеңсесинин айнегин белгисиз адамдар талкалап кеткени айтылган.
Ошол эле күнү түнкү саат 00:30да Чүй кең көчөсү менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкуна таандык унааны белгисиз адамдардын тобу талкалап кетишкен. Бул тууралуу аталган полктун кызматкеринен рапорт келип түшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Жогоруда фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө камерага түшүп калган жазуулар жана шектүүлөрдүн сүрөттөрү алынган.