Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Барпы айылында электр кызматкерлери менен "Алихан П" кыш заводунун кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Маалыматты бүгүн, 7-августта "Жалал-Абад электр" ишканасынын өкүлү Жайлообек Мамажанов билдирди. Айтымында, 6-августта Сузак РЭСи менен "Жалал-Абад электр" ишканасы биргеликте аталган кыш заводуна текшерүү жүргүзгөн.
"Текшерүү учурунда ортодо түшүнбөстүк чыгып, мушташууга чейин барышты",- дейт Мамажанов.
"Окуянын курчушуна кыш заводдун мурдагы ээси Таалайбек Түмөнбаевдин текшерүүчүлөргө жасаган орой мамилеси себеп болду. Жаңжалдын кесепетинен текшерүүчүлөрдүн бирөөсү катуу жабыр тартты. Алардын мындай мамилеси биринчи жолу болуп жаткан жок, буга чейин да туура эмес мамиле жасап келишкен", - деди ал.