Бишкекте 14 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделүүдө

14 жаштагы Акунова Шахноза Рустамовна аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Ал үйүнөн 21-августта саат 18:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдагандай, Шахноза Акунова Аламүдүн районуна караштуу "Энергетиктер" шаарчасындагы үйүнөн чыгып кеткен.

Изделип жаткан кыздын бою 150-160 сантиметр, арык. Үстүндө кызыл түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү жайкы бут кийим болгон.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү Шахноза Акунованы көрүп, билгендер болсо Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 363-527 же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(312) 363-523, 0(552) 220-692, 0(704) 312-505, 0(550) 343-363 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidar.001
2019-08-23 00:44:16
Колунда телефону бар бекен эле?
0
CuMBoJI
2019-08-23 02:37:25
Aidar.001,бар болсо да очук да. Л-логика
0
Dalil
2019-08-23 07:09:15
Аламедин эмес Аламүдүн деп кыргызча жазгылачы
+1
Edil2991
2019-08-23 08:57:26
Бул жанагы инстаграмда кенеш сурап жургон кыз эмес бекен.14жаштамын,боюмда болуп калыптыр,апам байкап калды гинекологго алып барам деп жатат,Ошко подрушкамын уйуно качып кетсемби деп журот эле инстада.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан