Көпчүлүккө "мурутчан агайдын" образы менен таанылган Нурсултан Курсанали уулунун жубайы көз жарды. Түгөйлөр ата-эне макамын 22-августта алды. Бул тууралуу шоумен Актан Рыскелдиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал эми "башкача сезимдер болуп жатат, түшүндүрүү кыйын экен" деген актёр эне-баланын абалы тууралуу айтып берди.
"Кечээ борбордогу төрөтканалардын биринде жубайым эркек бала төрөдү. Уулумдун салмагы 4 килограмм 500 грамм, бою 55 сантиметр. Бүгүн апам экөөбүз барып көрүп келдик. Дарыгерлер эне-баланын абалын жакшы дешти. Азырынча ысым коё элекпиз", - деди ал.
Нурсултан Курсанали уулу "Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу катары белгилүү.
Ал сүйүктүүсү Диана менен 2018-жылдын октябрь айында баш кошкон.