Непалда өтүп жаткан волейбол боюнча аймактык Азия чемпиондугунда кыргыз волейболчуларынын финалдагы атаандашы белгилүү болду. 22-августта мелдештин жарым финалдык оюндары болуп өткөн.
Анда Кыргыз өлкөсү Түркмөнстанды 3:0 эсебинде жеңип алган. Экинчи жарым финалдык жупта Өзбекстан Мальдив аралдарын 3:0 эсебинде жеңип алды. Эми 24-августта финалда Кыргыз өлкөсү Өзбекстан менен ойнойт.
Эки команда бири-бири менен 2018-жылы Азия чемпиондугунун тайпалык оюнунда кез келип, Кыргыз өлкөсү 3:2 эсебинде жеңип алган.