Бишкекте курулуш компаниясына тийиштүү үйдү алдамчылык менен сатып жиберген шектүү кармалды

Бишкектин Октябрь районунда батир сатууда алдамчылык кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-августта Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну М.А. арыз менен кайрылган. Арызда жабырлануучу 5-июлда Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн батир сатып алган. Анда сатуучу Г.И. аттуу жаран өзүн батирдин ээси деп тааныштырып, аны 23 миң долларга саткан. Жабырлануучу батирдин акчасын бергенден кийин, үй курулуш компаниясына таандык экенин билген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү делинип 48 жаштагы Г.И. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

Октябрь РИИБи шектүүдөн жабыркагандар болсо төмөнкү телефон номерлерге байланышып коюнуздарды өтүнөт.

Байланыш телефону: 0707 60-30-30, 0551 60-30-30

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uz.nookat
2019-08-23 16:08:35
super kg эмнеден коркосунар ачкыла жузун же чыгарбагыла силердин эн назик жеринер силерге -100
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан