Жеңиш чокусунда жоголгон казакстандык альпинисттер табылган жок. Аларды издөө иштери токтотулду

Кыргыз өлкөсүндөгү Жеңиш чокусунда жоголгон казакстандык альпинисттер Мурат Отепбаев, Александр Чечулин жана Андрей Корнеевдин сөөктөрү табылган жок. Бул тууралуу издөө жана куткаруу отрядынын жетекчиси Василий Пивцов Алматыда болгон маалымат жыйын учурунда айтты. Жоголгон альпинисттерди тик учак менен издеген, бирок натыйжа чыккан эмес. Мындан улам аларды издөө иштери аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу токтотулду.

Алматы шаарындагы Альпинизм федерациясы альпинисттерди тирүү табуу мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген.

Казакстандык альпинисттер 19-август күнү жоголгон. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттер менен акыркы жолу 16-августта байланышканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2019-08-23 20:59:44
эмнеге тируу эмес балким баары туруу чыгар
0
Nevestkaa
2019-08-23 21:57:34
Альпинисттерге таңмын да тоонун чокусунан эмне издешет өлүмүн тездетип.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан