18-августтан 23-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр жана чоңдор арасында эл аралык шахматтык турнир өттү. Бул тууралуу Азамат Айтбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир маркум коомдук саясий ишмер, Жогорку Кеңештин 5-6 чакырылышынын депутаты Улан Чолпонбаевдин жаркын элесине арналды. Мелдеште Казакстан, Өзбекстандын жана Кыргыз мамлекетинин бардык аймактарынан ар кандай жаштагы шахматчылар ойношту. "Беш күнгө уланган мелдеште 100дөн ашык шахматчылар катышты. Оюнда күчтүү оюнчулар медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мелдештин башкы максаты жаштарды шахмат өнөрүнө тартып, келечекте Азиянын, дүйнөнүн чемпиондорун Кыргыз мамлекетинен тарбиялап чыгуу болуп саналат" дейт Каракол шаарындагы Чолпонбаев атындагы шахмат мектебинин жетекчиси Эрлан Сейталиев.
Уюштуруучулардын айтуусунда, Улан Чолпонбаевдин жаркын элесине арналган мелдешти жыл сайын өткөрүү демилгеленүүдө.