Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри маалыматтык автоматташтырылган тутумунун ишине мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, көчмө жыйынга соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү катышышты.
Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгын кыдыруу учурунда Жеңиш Разаков сервердик жабдуулардын иши менен таанышып, прокуратура кызматкерлери жана кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри маалыматтык автоматташтырылган тутумун иштеп чыгуучулар менен тутумга башка мамлекеттик органдардын программалык продуктуларын интеграциялоо боюнча маселелерди талкуулашты.
Вице-премьер-министр белгилегендей, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри маалыматтык автоматташтырылган тутумунун сотко чейинки модулун, анын ичинде аналитикалык бөлүгүн тезинен ишке ашыруу зарыл.