Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчы-айдоочусу камакка алынганы айтылууда. Бул тууралуу "Кактус" сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өткөн жумада Асановдун жан сакчы-айдоочусу милициянын сержанты Дамирбек Пайзылла уулу жумуштан бошотулган. "23-августта ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Атамбаевди кармоо операциясында ал Курсан Асанов менен биргеликте экс-президенттин үйүнөн пакет алып чыгып кеткен", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул боюнча маалыматтары жок экенин билдирди.