Өкмөт: "2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29 миллиард сом каралган"

2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29 миллиард 300 миллион сом каралган, анын 74,8 пайызы (ЖОЖдорду жана изилдөө институттарын кошпогондо) 120 000 кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз мамлекетинин билим берүүдөгү заманбап багыттары" аттуу Кыргыз Республикасынын август педагогикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып, ушул жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлөрүн билдирди.

Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:

- жалпы билим берүү уюмдарынын 77 миң 860 мугалими;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 миң 694 тарбиячысы;

- кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери;

- орто кесиптик окуу жайлардын 7 миң 427 окутуучусу (училище, колледждер);

- билим берүүнүн башка 23 миң 339 кызматкери.

Өкмөт тарабынан 2019-жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү сунушталууда. Октябрь айында айлык көтөрүү үчүн дагы кошумча 2 миллиард сом керектелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
molorbaev
2019-08-24 20:55:03
Ката жазылып калбадыбы? 29 млрд сом эмеспи?
0
Asking-
2019-08-24 21:44:41
Рахмат дейли да пикир калтыра кетели. Январ айында 2019- окуу жылында мугалимдерге бюджеттен болунгон жок деп атты эле. Шашылыш кабыл алганына караганда элди алаксытуу. Азыркы окмот жакшы иштеп айлыкты которду деген соз кк
+1
elchi84
2019-08-25 00:30:41
Аз эмеспи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан