Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, профессор Калдарбек Абдраманов Бишкек-Ош трассасындагы Базар-Коргон - Жалал-Абад жолунун тамтыгы чыгып, аталган жолдун көрүнүшүн чагылдырган видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Видеодон Базар-Коргон-Жалал-Абад жолунун чаң басканын көрүүгө болот.
"Базар-Коргон-Жалал-Абад жолунун абалы кейиштүү экен. Эски 40 жыл мурун курулган, биздин балалыктын изи калган кайран жолду оңдойбуз деп талкалап коюшуптур. Зыяндан башка пайда көрбөгөн, талкаланган унаалар, ызырынып кан басымы көтөрүлүп, чыдамы түгөнсө да жакшылыктан үмүтүн үзбөгөн карапайым кыргыз эли”, - дейт ал.
SUPER.KG порталына Транспорт жана жолдор министрилиги бул маселе боюнча жооп даярдап жатышканын билдирди.