21-августта Бишкектеги "Фрунзе" заводундагы кампадан чыккан өрттөн эки адам жабыркаган. Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык болуп ооруканадан чыгарылды. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 31 жаштагы О.Н. жана 33 жаштагы И.А. аттуу жарандар алып келинген. Экөө тең өрттөн чыккан газга ууланышкан. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык болуп үйлөрүнө чыгарылды", - деди басма сөз кызматынан.
21-августта Бишкектеги "Фрунзе" заводундагы кампадан өрт чыккан. Өрт 22-августта саат 12:05те толук өчүрүлгөн.