Эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралып, Текебаевге карата чыккан мурдагы өкүмдөр жокко чыгарылган. Ага карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөткөн. Жогорку Соттон материалдар Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөнү белгилүү болду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаевге карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылып, соттолду деген статусу жоюлду. Демек, аны азыр Жогорку Кеңештин депутаты деп санаш керекпи?" деген собол салды.
Укук коргоочу Рита Карасартова Текебаев соттон акталса, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышы керек деген ойдо.
"Козголгон кылмыш ишке Текебаевдин такыр тиешеси жок деген чечим чыккан жок. Мисалы, Текебаев соттон акталса, дароо БШКга мандатты кайтаруу боюнча кайрылса болот. Текебаев бул кылмыш ишти жасаган эмес, акталды деп БШКга кайрылышат болушу керек. Мурунку чыгарылган чечимдер жокко чыкканы менен жаңы ачылган жагдай пайда болду", - дейт Карасартова.