Өкмөт: "Кытай инвесторлорун коргоо үчүн кытай күзөт агенттиктерин тартуу мүмкүндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт"

Кытай инвесторлорун коргоо үчүн кытай күзөт агенттиктерин тартуу мүмкүндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өкмөт ак ниет иштеген, өлкөгө, жергиликтүү жана коомчулуктун өнүгүшүнө өз инвестициясын салган инвесторлордун укуктарын, кызыкчылыктарын коргоону өзүнүн башкы артыкчылыктарынын бири деп эсептейт. Учурда ИИМ курамында кендерди жана өнөр жай объекттерин коргоо боюнча адистештирилген башкармалык түзүү долбоору өкмөттүк аппаратта каралууда. Жалган маалыматты тараткан жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопко тартылат. Бул факты боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү башталды. Жарандарды бул сыяктуу чагымчыл билдирүүлөргө алдырбоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан