Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз шахмат федерациясынын президентин кабыл алды

Бүгүн, 7-августта президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановду жана шахматчы Михаил Марковду кабыл алды. Жолугушуунун башында мамлекет башчысы кыргызстандык спортчу Михаил Марковдун алдыда боло турган Дүйнө кубогуна катышуусу маанилүү окуя экендигин жана ал үйрөнчүк шахматчыларга дем берерин баса белгилеп, алдыдагы таймаштарда ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө Милан Турпанов президентке федерациянын Кыргызстанда шахмат турнирлерин өткөрүү боюнча пландары, ошондой эле спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө багытталган чаралар туурасында маалымат берди. Белгилей кетсек, биринчи жолу Кыргызстан ФИДЕнин карамагында Норвегиянын Тромсё шаарында 10-августта баштала турган шахмат боюнча Дүйнө кубогуна катышмакчы. Михаил Марков мындай укукка шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун жыйынтыктары боюнча ээ болду. Анда Борбордук Азия жана Ооганстан өлкөлөрүнөн 30дан ашык шахматчы катышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан