"Курсан Асановдун жан сакчысынын кармоо шарттарына арыз-дооматы жок" дейт Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун башчысы

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулунун кармоо шарттарына арыз-дооматы жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Нурдин Сулайманов Дамирбек Пайзылла уулу менен бүгүн жолукканын айтты.

"Дем алыш күндөрү социалдык тармактарда Пайзылла уулуна жактоочулары кире албай жатат, тоскоолдуктар болууда деген маалымат тарап кетти. Бүгүн өзүм ага жолугуп чыктым. Бала жакшы эле отурат. Бир аз нес абалда болгону байкалды. "Күнөөм жок болушу керек, жумуш боюнча Курсан Сатаровичтин жанында болдум" деп айтты. Ошондой эле ал арыз-дооматы жок экенин билдирди. Орой мамиле жасалбаганын белгиледи. Ал аны жумуштан кармап кеткенин айтты", - дейт Нурдин Сулайманов.

Дамирбек Пайзылла уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына байланыштуу документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп айыпталып жатат. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Talastan
2019-08-26 22:22:56
Жаш баланын күнөөсү жок болсо, күнөөсүз соттоп тагдырына балта чаппагыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан