Алматы-Бишкек жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Алматы-Бишкек жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 26-августка караган түнү эки унаа кагышкан. Toyota Ist үлгүсүндөгү автоунаа батышка карай, ал эми Toyota Camry үлгүсүндөгү ага каршы тилкеде келе жаткан. Алдын ала маалымат боюнча, Toyota Ist айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыга баштайт. Кырсыктан 3 адам жеринде каза болуп, 8 киши жабыркаган. Алар ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан