Москвадагы Шереметьево аэропортунда кыргыз айдоочулары катышкан жаңжал орун алды. Бул тууралуу видео интернетке жарыяланган. Видеонун автору жана күбөлөр окуя 23-августта болгонун айтышкан.
Ошондой эле автор айдоочулар менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда массалык мушташ орун алганын билдирген. Мушташтын кесепетинен 2 Кыргыз жараны жабыркап, жаңжалдын дагы бир катышуучусу комада экени маалымдалган. Жерине "Тез жардам" кызматы келип, жабыркагандар ооруканага жеткирилген.
Учурда жаңжалдын себептери тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылууда, бирок расмий маалымат бериле элек.