Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн болгон мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат.
Мелдештин 2-күнүндө ат майданында 1 лигадагы жана Жогорку лигадагы командалар күч сынашмакчы.
1-лига
Саат 10:00дө "Жаш-Күч" - "Кабылан"
Саат 11:30да "Төш-Булак" - "Суусамыр"
Жогорку лига
Саат 13:00дө "Ынтымак" - "Рассвет"
Саат 14:30да "Көл-Төр" - "Кара-Буура"
1-лига
Саат 16:00дө "Ак-Суу" - "Атуул"
Финалдык оюндар 30-31 августта өтөт.