Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу: "Жаш Күч" командасы "Кабылан" командасын 9:6 эсебинде утуп алды

Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин Кубогу Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат. Мелдештин экинчи күнүндө ат майданда "Жаш Күч" жана "Кабылан" командалары күч сынашты.

Оюндун жүрүшүндө эки команда тең бири-бирине атаандашып, кызуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 9:6 эсебинде "Жаш Күч" командасы жеңишти эңип кетти. Үчүнчү бөлүктө "Кабылан" командасында оюнду теңеп кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон, бирок алар бул мүмкүнчүлүктү колдоно алышккан жок.

"Жаш Күч" командасындагы Бакай Султан уулунун жылдызы жанып, ал өз командасына 4 улак ыргытып, мыкты оюн көрсөтө алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2019-08-27 14:11:59
Жаш куч команда Райым Миллиндун командасы!!!
0
Muzik
2019-08-27 14:26:02
tular,Раимге тиешеси жок, Кадамжайдын жигиттери булар
0
nurkojo
2019-08-28 00:47:37
tular,Жаш Куч спорт клубу Алтынбек Сулаймановго тиешеси бар. Жаш Куч улак тартыш боюнча командасы Кадамжай районунан, же Баткен деп койсо болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан