Волейбол боюнча курама команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу: "Түнү он бирде кол телефондорубузду топтоп беребиз"

Бүгүн, 27-августта Аймактык Азия чемпиону болушкан волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү, федерация президенти, машыктыруучусу жана башкы катчысы маалымат жыйында болушту. Алар журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

Команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу курама командадагы оюнчулар бир туугандай, федерация өкүлдөрү атасындай болуп калгандыгын айтып, өздөрүнүн ынтымагына токтолду. Мындан тышкары, ал командадагы ар бир оюнчусуна мүнөздөмө берип, алардын оюн көрсөтүүдөгү ордун белгиледи.

"Биз чоң үй-бүлөдөйбүз. Баарыбыз бир убакта турабыз, бир убакта тамактанабыз. Машыктыруучу биздин атабыз, Элмурза Ракиевич (ред. Сатыбалдиев) чоң атабыз, (ред. күлүп) Кылычбек Сарбагышев улуу агабыз. Жеңишке жеткен учурда тамактануу эрежебиз бузулат, анткени машыктыруучу менен башкы катчы торт, таттуу суусундук алып беришет.

Түнү он бирде баарыбыз кол телефондорду топтоп беребиз. Ошондуктан эрте уктайбыз", - деди Каныбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
expert.007
2019-08-27 16:30:53
Тундосу телефондорду чогултабыз деп атканда кептерлери учуп кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан