Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында бүгүн, 27-августта президенттин Кубогунун оюндары өтүүдө. Биринчи оюнда "Кабылан" жана "Жаш Күч" командалары ат майданда күч сынашып, жыйынтыгында "Жаш Күч" командасы жеңишке ээ болгон.
Ал эми экинчи оюнда "Суусамыр" командасы 5:1 эсебинде "Төш Булак" командасын жеңип алды.
Алдыда "Ынтымак" жана "Рассвет", "Көл-Төр" жана "Кара-Буура", "Ак-Суу" жана "Атуул" командаларынын ат майданындагы оюндары күтүлүүдө.