Жалал-Абадда эки жарандын мушташуусунан 79 жаштагы адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эки жарандын мушташуусунан 79 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-августта саат 17:30 чамасында болгон.

"35-40 жаштагы эки адам урушуп жатып, бири-бирине таш ыргытышкан. Ошол учурда жол четинде отурган 79 жаштагы карыяга ыргытылган таш башына тийген. Ал оор жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилген. Бирок карыя өзүнө келбей жатып каза болгон.

Бул факты Кара-Көл ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми бул окуяга шектүү эки адамдын аты-жөнү такталып, бири тергөө бөлүмүнө алынып келинди. Ал эми дагы бир жаранды алып келүү иш аракеттери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirlanpiter
2019-08-27 15:43:41
Акмактар, күчүнөр ашып атса рингге чыккыла
0
katerina.li
2019-08-27 15:51:01
Балее баскан го я,не кундо жаман жанылык Кыргызтанда . Мен бул жакта элге мактап журом,кыргыздар жоош ,ак конул,ак пейил адамдар болушат деп
-2
Jacob.
2019-08-27 16:03:29
Эми экөөң тең жооп бересиңер, түрмөдө таш атышып урушкула.
+3
Baatirbek81
2019-08-27 22:25:58
Таке досуңа тайанбай колуңар менен мушташпайсыңарбы!кайран абышкага тийип калганын кара!ыйманы саламата болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан