Мурдагы транспорт министри Жамшитбек Калилов жаңы кызматка дайындалды

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын темир жолду куруу жана долбоорлоо дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта SUPER.KG порталына аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул боюнча буйрук 21-августта чыккан. Калилов жалпы жамаатка тааныштырылып ишке киришти. Дирекциянын мурдагы башчысы Улан Кулов Жамшитбек Калиловдун орун басары болуп дайындалды.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирген. Бул окуянын айынан транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң, кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2019-08-27 15:53:52
Мунунар деле жарытпайт, иштегенин коргонбуз го, жашыраак жаны кадрлар жок беле
+4
katerina.li
2019-08-27 15:54:03
Бир жактан алып,кацрале Бир майлуу суттуу жерге кое беиршет экенда
+4
Jaznura
2019-08-27 16:03:08
Калилов орун басары үчүн моралдык жаза алган. Иштей берсин ага эмне күйүгөсүңөр
0
Rystambekkg
2019-08-27 16:08:49
Ставка жакшы болгон го
+3
Arlenchik
2019-08-27 17:24:03
Орун басар эч убакта жетекчисинин тиешеси жок пара алалбайт,андыктан бул кишинин түздөн түз тиешеси бар, ал аркылуу алып жүрсө керек, ушу кантип болсун убактылуу жумуштан четтетип, убакыт өткөрүп кайра майлуу жерге коюп койгону, бул бийликке ушундай адамдар керек экен, болушуп турганга.
+3
altyn-kumush
2019-08-27 17:59:35
Орун басары учун бул жооп берип калган учурунда. Министрлер болуп отурганда чон иштерди жасаган, темир жол тармагын да жолго салат буйруса
-1
Baicho_0707
2019-08-27 18:11:19
Тиги жерден ала албасан,бул жерди байкап көрчү дешти го!
+1
Baatirbek81
2019-08-27 22:20:59
Бул дагы оорукчан болуп чыга келет бир жылдан кийин!бизде соо адам мындай кызматарда иштей албайт!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан