Президенттин Кубогунун Жогорку Лигасы: "Кара-Буура" командасы "Көл-Төр" командасын 7:2 эсебинде утуп алды

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин Кубогу өтүүдө. Аталган мелдеште Жогорку Лигага “Ынтымак” менен “Рассвет” командалары ойноп, жыйынтыгында “Ынтымак” командасы жеңишке жетишти.

Ал эми кийинки беттеш “Көл-Төр” жана “Кара-Буура” командаларынын ортосунда жүрдү. Биринчи бөлүктө “Кара-Буура” командасы алдыга озуп чыкты. Ал эми экинчи бөлүктө деле айырмачылык байкалбай, "Кара-Буура" командасы алдыңкы орунду берген жок. Үчүнчү бөлүктө адаттагыдай эки команданын эрөөлү уланып, жыйынтыгында "Кара-Буура" командасы "Көл-Төр" командасын 7:2 эсебинде утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан