Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралды. Сот 13-октябрга чейин Курсан Асановду үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Курсан Асановдон журналист "Кашкар Жунушалиевдин көрө албастыгынан сизге айып тагылып жатат деген сөздөргө кандай комментарий бересиз?" деп сурады.
Асанов: "Бул боюнча убакыт келгенде айтылат. Азырынча эч нерсе айта албайм. Ар бир адамдын өз абийирине койдум", - деп жооп кайтарды.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.