"Мага коюлуп жаткан айыпка каршымын" деп бүгүн, 27-августта журналисттерге ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов билдирди.
Ал акыйкат тергөө жүрүп жатканын айтты. "Кырдаал мыйзамдын негизинде акыйкат тергөө жүрүп жатат. Мыйзамга ишенем", - дейт Курсан Асанов.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.