Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы бир нече берене боюнча айыпталып жатат

Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Д.Т. бир нече берене боюнча айыпталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "кызмат абалынан пайдаланып документти жасалмалоо" жана "атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу" беренелери боюнча айыпталып жатат.

"2016-жылдын 30-сентябрында жактоочу А.Ж. өзү жактаган Ч.Ю. аттуу адамды мыйзамсыз бошотуп алуу үчүн Свердлов райондук сотуна кайрылган. Анда судья соттук процесске Свердлов районунун прокурорунун жардамчысы катышкандыгы туурасында жасалма маалыматтарды киргизүүнү катчыга тапшырган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда Д.Т.га козголгон кылмыш иши сотко жиберилди.

Былтыр декабрь айында Д.Т. Тартип комиссиясынын сунушу боюнча, Тартип комиссиясы Башкы прокуратурага жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу кызматтан четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан