Жакынкы арада автобустарда электрондук төлөм системи ишке киргизилет

Ушул жылдын сентябрь айынан тарта автобустарда жол кире төлөмүн электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, долбоор аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылууда.

"Бишкектин жүргүнчүлөр автотранспорту" ишканасында жалпысынан 400 коомдук унаа бар. Мэриядан билдиргендей бул системдин жакшы жактары көп. Айдоочу жол кире акысын алып, кайра акча кайрып берип алаксыбайт.

Жакынкы арада автобустарга терминал орнотула баштайт. Төлөм жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөр атайын чип, электрондук карта же колго таккан билерик сатып алышат.

Ушул жылдын 25-февралында Ош шаарында коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган систем ишке кирген. Ал эми 28-февралда Ош шаарындагы троллейбустар толугу менен автоматтык тейлөөгө өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aman-moskva
2019-08-28 08:50:55
Россия нын техникалары келе баштап тыр да
+1
Sakubek
2019-08-28 09:03:07
Ким толоду ким толободу, аны ким текшерет
0
kechirmeni
2019-08-28 09:22:50
айдоочунун алдында монитор болот, ошодон корунуп турат ким толоду ким толободу, кимдики пенсионер кимдики окуучунун карточкасы, кандай категорияда экени да чыгат
+1
Kulatov
2019-08-28 10:24:49
Болбогон нерсе 100сомго 100 бирдиги менен деп электрондук картаны сатышат 36 сом бар экен же картаны толуктай турган жери жое автобустарга айдоочулардан толуктаса болот деп жазып коющкан айдоочулардан сурасан жок биз билбейбиз дешет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан