Кой-Ташта каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековго "Эрдик" медалы ыйгарылды

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында курман болгон Үсөнбек Ниязбековго "Эрдик" медалы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

"Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта кол койгон жарлыкка ылайык, аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбеков Үсөнбек Ниязбекович "Эрдик" медалы менен сыйланды", - деп жазылат билдириүүдө.

7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.

47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 6 баласы калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2019-08-28 16:42:02
Укмуш го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан