Кой-Таштагы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жаракат алган Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов өзүнө келе элек, бирок абалы жакшырып келе жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүнкү күндө Самат Курманкуловдун абалы оор, бирок дарыгерлердин билдирүүсү боюнча жакшы жакка жылыш бар. Бейтаптын дарылануусу тиешелүү тартипте уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунда дарыланып жатат.
Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы аталган ооруканага алып келишкен.