"Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кошулуу менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болду", - деп бүгүн, 28-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында Кыргыз мамлекетинин төрт жылдын аралыгында ЕАЭБге интеграцияланышынын жыйынтыктарын талкуулап жаткан учурда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан Кыргыз жарандары экономикалык жана социалдык өңүттөн алып караганда белгилүү бир артыкчылыкка ээ болгонун айтты.
"Эң башкысы – бул капиталдын, адамдардын жана товарлардын эркин жүрүшү. Албетте, маселелер дагы болбой койбойт, бирок оң натыйжалар көп. Биздин негизги максатыбыз кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкерлер менен атаандаш болуусу үчүн ар кыл багыттагы мүмкүнчүлүктөрү болуш керек", - дейт өкмөт башчы.
Премьер-министр учурда салыктык башкарууда бир топ маселелер бар деп кошумчалады. Анын айтымында, бул маселелер фискализацияны ишке киргизүү менен чечилет.
Экономика министри Санжар Муканбетов ЕАЭБге интеграцияланышынын жыйынтыктыктары тууралуу маалымат берип, бул убакыттын аралыгындагы негизги жетишкендиктерге токтолду.
Өкмөт башчы өлкөнүн ички рыногун иретке келтирүү үчүн мамлекеттик органдардын ишин күчтөндүрүү керектигин жана бул багытта тиешелүү чараларды көрүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды.