Кыргыз жөө күлүгү Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча Беларусь өлкөсүндө өтө турган чемпиондукка катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Мелдеш 29-31-август аралыгында Беларусь өлкөсүнүн Минск шаарында өтөт.
Аталган мелдеш спортчулардын 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утууга мүмкүнчүлүк берет.