8-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +16...+21°C
Талас облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +11...+16°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +17...+22°C
Баткен облусунда күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +17...+22°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +9...+14°C
Нарын облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +11...+16°C
Бишкек шаарында күндүз +27...+29°C, түнкүсүн +19...+21°C
Борбор калаада жаан жаашы күтүлөт.