Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды

Бүгүн, 29-августта президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Карим Кокрекбаевди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Карим Кокрекбаевдин Кыргыз мамлекетиндеги жемиштүү ишмердигин белгилеп, анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана ынак коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Карим Кокрекбаевге бардык жакшылыктарды жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Карим Кокрекбаев жолугушууга ыраазычылык билдирип, Кыргыз мамлекетиндеги дипломатиялык ишмердигин жүргүзүүдө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезгенин белгиледи.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерин бекемдөөгө болгон билимин жана тажрыйбасын колдонгонун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
altyn-kumush
2019-08-29 22:04:13
Тышкы саясатты жандантты
+9
Jaznura
2019-08-29 22:05:49
Кошуналар менен бузулган мамилени оңдоду
+9
oSporte
2019-08-29 22:09:34
Jaznura,ушул экон зб кылдынар
-9
Aimani
2019-08-30 01:34:59
oSporte,ушул экөө Сокенин кошоматчылары
-5
Jaznura
2019-08-30 10:27:03
Aimani,кошоматчылык сенден бери келбесин
+4
Bektur2011
2019-08-30 10:40:23
Aimani, жакшы соз айтканды билбесен тынч эле отурсан болмок
+1
Jaznura
2019-08-30 10:27:17
oSporte, менден алыс ойночу
+3
altyn-kumush
2019-08-30 10:29:01
мындан ары да тышкы саясат жакшырат
+5
Erik2018
2019-08-30 10:48:54
Сооронбай Шарипович чыныгы дипломат катары тышкы саясатты ордуна коюп жатат эл аралык денгээлде мамлекттин жакшы жагын корсотконго аракет кылып кошуналар менен мамилебиз бир топ жакшырды
+1
Absamat-90
2019-08-30 10:54:33
Тышкы саясаттын онукконун олкого келип жаткан инвестициядан байкоого болот. Кечээ Арабдар менен Корейлер биз менен иштешуугоо дайын экенин билдирди.
0
Ernestinio
2019-08-30 11:09:43
кошуна олколор менен жакшы - сый мамиледе болуу зарыл. Алардын тажрыйбасын колдонуп коп коп инвестицияларга жол ачып, билимсиздикти жоюп, алдыга жыла берели.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан