Караколдогу Жапайы жаныбарларды коргоо борбору жаңы жаныбарлар менен толукталды

Бүгүн, 7-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Жапайы жаныбарларды коргоо борборуна жаңы жаныбарлар алынып келинди. Маалыматка ылайык, зоопаркка Казакстандан темгилдүү бугунун музоосу, понинин ургаачысы жана 2 каман алынып келинди. 

Жапайы жаныбарларды коргоо борбору деп аталган Кыргызстандагы бул зоопарк 1987-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө зоопаркта сүлөөсүн, макака, аюу, карышкыр, лама, Пржевальский жылкысы, бир жана эки өркөчтүү төөлөр, лань (эликтин бир түрү), бүркүт, тоос, ак куу, өрдөк жана башка жаныбарлар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан